Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимни (Kyrgyz Respublikasynyn Mamlekettik Gimni) [Kyrgyz Republic’s National Anthem] lyrics

by

National Anthems



[Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимни тексти]

[1-Аят]
Ак мөңгүлүү аска, зоолор, талаалар
Элибиздин жаны менен барабар
Сансыз кылым Ала-Тоосун мекендеп
Сактап келди биздин ата-бабалар

[Кайырма]
Алгалай бер, кыргыз эл
Азаттыктын жолунда
Өркүндөй бер, өсө бер
Өз тагдырың колуңда

[2-Аят]
Аткарылып элдин үмүт тилеги
Желбиреди эркиндиктин желеги
Бизге жеткен ата салтын, мурасын
Ыйык сактап урпактарга берели

[Кайырма]
Алгалай бер, кыргыз эл
Азаттыктын жолунда
Өркүндөй бер, өсө бер
Өз тагдырың колуңда
A B C D E F G H I J K L M N O P Q R S T U V W X Y Z #
Copyright © 2012 - 2021 BeeLyrics.Net